№1 каттамдагы автобустун багыты өзгөртүлдү

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тейлеген №1 каттам 2025-жылдын 2-сентябрынан баштап каттамын өзгөрттү.

Буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү менен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттачу. Эми шаар тургундарынын жана ага чектеш райондордун тургундарынын кайрылууларынын негизинде каттам Ахунбаев, Пудовкин, Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.