№1 колониядагы киши өлтүрүү. Шектүү оозун тигип алды

Түрмөдө «смотрящий» киши өлтүрүп, кийин аны асып, анан өрттөп жиберген делген шектүү оозун тигип салды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Айнура Асанова билдирди.

Анын айтымында, шектүү учурда Бишкектеги СИЗО-1де. Анын мындай кадамга барууга ИИМдин ал жөнүндө жарыялаган маалыматы себеп болгон. «Ички иштер министрлиги жарыялаган маалыматка каршы болуп, оозун тигип алды. Ал Башкы прокуратурага арыз жазып, тергөө изоляторунун кызматкерлери аркылуу өткөрүп берген. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзөтүү мекемесинде адам өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүдө», — деди ал.

2019-жылдын 1-декабрында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинин жыгач устачылык бөлмөсүнөн асылган жана өрттөлгөн адам табылган. Анын 1996-жылы туулган, соттолгон жаран экени аныкталган. Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «адам өлтүрүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Эки жылдан кийин кылмышка шектелип, «смотрящий» атыккан жигит кармалган.