№1 Тергөө абагынын экс-жетекчиси соттук териштирүүлөрдөн кийин кызматына кайтып келди

Марс Жусупбеков Бишкектин №1 Тергөө абагынын жетекчиси кызматында 4-марттан тартып кайра иштей баштады. Маалыматты  Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

Жусупбеков 2013-жылы №1 тергөө абагын жетектеп турганда «мыйзамсыз иштерге жол берген» деген киненин негизинде кармалган. Кылмыш кодексинин 304-беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 305-беренеси («Кызматтык абалынан аша чабуу») менен айыпталган. Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2014-жылы төрт жылга жатак абакка кескен.

Анын адвокаттары 2019-жылы июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылган. Материалдар кайра кароого жиберилген. Анын натыйжасында Октябрь райондук соту кылмыштын курамы жок деген негизде Жусупбековду актаган, анын кызматын калыбына келтирген.