№27 Биринчи Май округунда шайлоо өткөн жок деп табылды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү 13-декабрдагы жыйынында №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөн жок деп табышты. Аталган округда «бардыгына каршы» деген позиция үчүн берилген добуштардын саны эң көп болгону маалым. 

Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Биринчи Май шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүлүшү керек: эгерде бир округда “баарына каршы” пункту алдыда болсо, шайлоо өткөн жок деп таанылат. Кайра шайлоо БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгаргандан кийин бир айдын ичинде дайындалат.