№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери кызматынан кетти

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гульнара Жанабилова кызматынан кетти. Анын айтымында өз эрки менен арыз жазган.

Ал өкмөттөн балдарга тез жардам көрсөтүү тармагына көбүрөөк көңүл бурууну суранган. “Былтыр мен июль айында оорукананы ремонттон өткөрүү боюнча марафон өткөрүүнү каалаган элем. Абдан көп киши жардам берүүнү каалаган. Бирок мыйзам боюнча ооруканага эсеп ачууга мүмкүн эмес экен”,- деп билдирди ал маалымат каражаттарына.