№31 мектепте каза болгон окуучу кыз. Класс жетекчиси эмне дейт?

Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, 2011-жылы туулган окуучу бала 2010-жылы туулган кыздын денесине залал келтиргенин билдирген. Кыз ошол жерде эсин жоготкон. Маркумдун сөөгү 16-апрелде жерге берилди. SEREPTV окуучу кыздын класс жетекчисине кайрылып көрдү.

«Тергөөчүгө болгон окуянын баарын жазып бердим. Тергөөчүдө ким, кандай болгонунун баары бар. Мен өзүмө келе элекмин»,- деди ал.