№34 автобус эми «Ак Жол» өткөрмөсүнө чейин барат

№34 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 30-июлдан тарта №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү. Жеңиш жаңы конушу жана Бишкек автобекети боюнча каттаган автобустун Бишкек автобекетиндеги акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.

Мындай чара шаардыктардын жана Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларынын негизинде ишке ашты. Ага ылайык, муниципалдык автобуста жүрүүдө шаар ичиндеги тариф накталай 20 сомду, накталай эмес 17 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө кошумча 10 сом төлөнөт.