№47 түзөтүү колониясынын ордуна турак жай комплексин куруу маселеси каралды

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды.

«Бул объектилердин курулуш долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт», — деди Акылбек Жапаров.