№47 колониянын ордуна 10 миң батир үй курулат. Эскиздер

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жерине 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жазды.

«2022-жылдын майында Министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «МИК» ачык акционердик коомуна берилет. Бүгүнкү күндө 4,966 миллион евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат. Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцко бул программаны ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Ошондой эле, бардык аймактарда «ГИК» ААКсы аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Мисалы, Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. Мындан тышкары, бул максаттарга — бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылууда», — деп жазды ал.