№5, №7, №17. Бишкекте троллейбустук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү

Ахунбаев көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Байтик Баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.
Буга байланыштуу №5 жана №7 троллейбустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү. №7 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү: Киев көчөсүнөн чыгыш тарапка троллейбустар Абдрахманов көчөсүнө бурулуп, түндүктү көздөй Чүй проспектисин көздөй бет алышат. Андан ары маршрут Валиханов көчөсү менен, андан ары Анкара көчөсү менен жана Тунгуч акыркы диспетчердик пунктуна барат. Кайтуу жолу да ошол эле схема боюнча өтөт. 21-июндан тарта №5 троллейбустук каттам Тунгуч кичи районунан Батыш автобекетине чейин убактылуу каттайт. Мындан тышкары, №17 троллейбустук каттам убактылуу жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранат.