№61 мектептин окуучуларынын ата-энелери директор Низовскийди сынакка катыштырбоо талабы менен митингге чыгышты (фото)

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкектеги М.Горькийдин эстелигинин астына №61 физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты. Бул тууралуу жарандык активист Чынара Абдыгулова СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди.

Бүгүн күндүн ысыгына, отпуск учуруна карабай 300 чакты №61 мектептин ата-энелери митингге чыгышты. Айрымдары жумушуна байланыштуу келе алышкан жок. Биз Билим берүү жана илим министрлигинен №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин буга чейинки жетишкендиктерин эске алып, директорлор арасында жүргүзүлүүчү сынакка катыштырбай коюусун суранабыз. Анткени биздин мектеп эл аралык, улуттук, аймактык олимпиададан алган жетишкендиктери менен мектептин сапатынын деңгээлин көрсөтүп турат. Менин эки кызым аталган мектепте окуп-билим алат. №61 мектеп 10догон жылдан бери медалдардын саны, олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн саны боюнча жогорку көрсөткүч көрсөткөн жалгыз мектеп», — дейт Чынара Абдыгулова. 

Эске салсак, 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан Алтын сертификат алгандардын басымдуу бөлүгү №61 физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучулары болгон.