№8 автобустун жүрүү схемасы жарым-жартылай өзгөртүлөт (жаңы схема)

Бишкекте 16 -февралдан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Мэрия мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганын билдирди.

№8 автобус Орок айылынан Алтын-Ордо конушуна чейин каттайт. Узундугу 49 чакырым, автобустардын аралыгы 10-12 мүнөт. Бул линияга 15 автобус чыгат.