Кыргыз-тажик чек арасында ок атыша кетишти. Тажик тараптан жаракат алгандар бар болушу мүмкүн

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон окуя орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Бүгүн, 10-мартта саат 10:50 чамасында Баткен районуна караштуу Тескей жергесинин тактала элек тилкесинде Тажикстандын чек арачылары буга чейин колдонуп келген маршрутун өзгөртүп, чек араны коргоонун жаңы чегине чыгуу менен кыргыз чек арачыларынан тилкеден чыгып кетүүнү талап кылышкан. Тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр да келген. Алар сан жагынан көптүгүнөн пайдаланып, жаңы чек арага кирүүгө аракет кылышкан. Бирок кыргыз чек арачылары аларга аракетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арачыларынын ок атышуусу башталып, ал 10 мүнөткө созулган. Кыргыз чек арачыларынан каза болгондор да, жаракат алгандар да жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик чек арачыларынан жаракат алгандар бар.

Эки тараптын чек ара кызмат өкүлдөрү телефон аркылуу байланышып, анын жыйынтыгы боюнча окуя орун алган жерден өкүлдөр келгенге чейин чек арачыларды артка кайтаруу жана ал жерге кошумча күч менен каражаттарды алып келбөөгө жол берөө чечилди.

Саат 11:45ке карата эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Чек ара кызматынан Тескей жерлиги такта элек тилке экенин жана дээрлик Кыргыз жарандары тарабынан колдонулуп келгенин билдиришти. Баткен облусундагы чек арачылар кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өттү.