Тазабек Икрамов мандатын тапшырууга арыз берди

Бүгүн, 19-июлда депутат Тазабек Икрамов өз эрки менен мандатын тапшырууга арыз берди. Бул тууралуу БШКнын жыйынынын жүрүшүндө маалым болду.

17-июлда бир канча маалымат агенттиктер өз булагына таянып Тазабек Икрамовдун УКМКга суракка чакырылганын жазышкан болчу.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Икрамов Тазабек Икрамовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Анын ыйгарым укуктары №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде токтотулуп, Тазабек Икрамовдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Маалымат иретинде: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча тийиштүү шайлоо округдарына кеткендердин ордуна Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо президент тарабынан дайындалат жана бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт.