Түнү кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атыша кетишти. Ал таш ыргытуудан башталды

Түнү кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атыша кетишти. Ал таш ыргытуудан башталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Бүгүн, 11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алып, ал саат 03:10го чейин созулду. Баткен-Исфана жолунун Эки-Таш жергесинде Тажикстандын чек арачылары жолдогу унааларга таш ыргыта башташкан. Алар кыргыз чек арачыларынын таш ыргытууну токтотуу талабын четке кагышкан. Кыргыз аскер кызматкерлери абага ок чыгарууга аргасыз болушкан. Бул убакытта ушул эле жергеде кызмат өтөгөн Тажикстандын башка чек арачылары кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарышкан.

Чек ара кызматынан кыргыз тараптан каза болгондор жана жаракат алгандар жок экендигин билдиришти. Жаңжалдын андан ары ырбап кетишине жол бербөө үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, кийин ок атышуу орун алган жерде жолугушту. Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантып жатышат.

Кечээ, 10-мартта Баткен районунун Тескей жергесинде ок атышуу болуп өткөн.