2 голду тең Жаныбек Абиров жаратты. Жогорку Кеңеш «Бизнести» жеңди

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттеши өтүп жатат.

Беттешти президенттин командасы менен спорттук федерациялар баштады. Андан соң оюн талаасына Жогорку Кеңеш менен «Бизнес» командасы чыкты.

Беттештин 1-бөлүгүнүн 6-мүнөтүндө депутат Жаныбек Абиров эсеп санын ачты. Биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктады. Ал эми 2-таймдын 8-мүнөтүндө кайрадан Абиров 2-голун жаратты. Ошентип оюн 2:0 эсебинде Жогорку Кеңештин жеңиши менен аяктады.