Эсеп санды Садыр Жапаров ачты. Президенттин командасы «Спорттук федерацияны» жеңди

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттеши өтүп жатат.

Беттешти президенттин командасы менен спорттук федерациялар баштады. 1-таймдын 1 мүнөт 30-секундунда Садыр Жапаров эсеп санды ачып, каршылаштардын дарбазасына гол киргизди. Ал эми 3-мүнөттө Алмасбек Абытов гол жаратты. 5-мүнөттө Аяз Баетов президенттин командасынын эсебин 3:0гө жеткирди. 9-мүнөттө Канат Шабданбаев дагы бир гол жаратты. Биринчи тайм 4:0 эсеби президенттин командасынын алдыга чыгуусу менен аяктады.

Ал эми 2-таймдын 8-мүнөтүндө «Спортттук федерация» командасы алгачкы тобун дарбазага киргизди. Экинчи голду Медербек Сыдыков алып келди. Ошентип, оюн 4:2 эсеби менен аяктап, президенттин командасы жеңди.