Садыр Жапаров тогуздукка тээп. Президенттин командасы финалга чыкты

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттешинин экинчи күнү. Анда турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталат.

Жарым финалдык беттеште президенттин командасы менен «Достук» кез келди. 1-таймдын 1-мүнөтүндө «Достук» командасы эсеп санын ачты. Ал эми 8-мүнөттө эсеп сандар теңелди. Канат Шабданбаев тогуздукка гол киргизип, президенттин командасы алдыга чыкты. 1-тайм 2:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Ал эми 2-таймда Абытов гол жаратып, эсеп сандары 3:1 болду. 11-мүнөттө «Достук» командасы дагы бир гол киргизди. 13-мүнөттө эки команданын тең эсептери теңелди. Оюнда эки команданын эсеби тең болуп калганына байланыштуу калыстар пенальти беришти. Пенальтинин 5-соккусуна президент Садыр Жапаров чыкты. Ал тогуздукка тээп, гол киргизди. Пенальтинин жыйынтыгы менен президенттин командасы жеңип, финалга чыкты.