Президенттин командасы чейрек финалга чыкты. Жогорку Кеңеш оюндан четтеди

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттеши өтүп жатат.

Президенттин командасы футзал боюнча турнирдин чейрек финалына чыкты. Тайпалык баскычта президенттин командасы бардык беттештерде жалпы 7:2 эсебинде жеңишке жетип, тайпадагы биринчи орундан чейрек финалга өттү. Бул тайпада экинчи орунду «Спорт федерациялары» командасы ээледи.

«В» тайпасында Жогорку Кеңештин командасы жеңиш менен баштап, андан кийин эки жолу жеңилип калды. Бул тайпадан “Коопсуздук” жана “Достук” командалары чейрек финалга чыгышты. “Фемида”, “Журналисттер”, “Жогорку Кеңеш” жана “Бизнес” командалары медалдар үчүн күрөштөн четтеп калышты.