Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 29-июнда республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайына көңүл буруңуз.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.