Бишкекте жоогазындар гүлүн ачты

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери былтыр күздө отургузган жоогазындары акырындап гүлдөй баштады. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарды түстөрдүн жана сорттордун палитрасы менен кубандырат. Быйыл баш калаанын гүлзарларында жалпысынан 140 миңден ашык жоогазын гүлдөйт. Өткөн жылы жазында муниципалдык ишкана 130 миң түп жоогазын отургузган. Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен баштары кылдаттык менен казылып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.
«Гүлдөргө, шаарга кам көрүңүздөр. Уурулук боюнча кичине эле шектенүү пайда болгон учурда дароо милицияга кайрылыңыз: 102», — деп жазылат маалыматта.