Кадамжайда кулпунай бышты

20-апрелден тарта Кадамжай районунун Исхак-Полот хан айыл аймагынын Ак-Өргө айылында кулпунай бышып, сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Азамат Абсаттаров маалымат берип, видео да жарыялады.

«Учурда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Айыл тургуну Абдирасил Сайитов өзүнүн короосуна Германия, Италиядан алынып келинген сортторун өстүргөн. Кулпунайлар тамчылатып сугаруу системасы менен сугарылат», — деп жазылат билдирүүдө.