Бишкекте доллардын баасы 100 сомдук чектен өттү

Бүгүн, 9-мартта Бишкекте доллардын баасы 100 сомдук чектен өттү. Акча алмаштыруучу жайларда да, банктарда да доллардын курсу кайрадан жогорулап жатат.

Доллардын сатуудагы баасы акча алмаштыруучу жайларда 101-102 сомго чыкса, банктарда 103 сомдун тегерегин түзүп жатат.