Кыргызстанда бүгүн коронавирустун омикрон штаммы аныкталды

Кыргызстанда бүгүн, 12-январда коронавирустун омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы штамм эки үлгүдө аныкталган. «Мен азыр эле бүт өлкө боюнча анализдерди чогултуп, штаммды аныктоо үчүн Бишкекке жеткирүүнү тапшырдым», — деди министр.

Соңку күндөрү өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны кайрадан өсүүдө.