1-10-декабрь күндөр аралыгында калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт

Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан «Өз укугуңду бил!» аттуу чакырык менен республикалык деңгээлде юридикалык жардам көрсөтүү Декадасын өткөрөт. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына арналат. Декаданын алкагында 1-декабрдан 10-декабрга чейин калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт.

Аталган Декаданын алкагында жарандар пенсия, жөлөк пул, паспорт алуу, жарандык маселелер, жер тилкесин берүү жана аларга документтерди тариздөө, декларация, мурас маселелери, ошондой эле, башка жарандык, үй-бүлөлүк, жазык иштер тармагында көйгөй жараткан маселелер боюнча кайрылып тийиштүү адистерден акысыз укуктук кеп кеңеш ала алышат.

Декада төмөнкү даректер боюнча өткөрүлөт:

Бишкек шаары боюнча:
Биринчи май району: СБ «VEFA Center», Бишкек ш., М.Горький көч., 27/1;
Ленин району: СБ «Азия Молл», Бишкек ш., Ч.Айтматов пр., 3;
Свердлов району: КТБ (ЦОН), Бишкек ш., Ж.Жолу көч., 381;
Октябрь району: СК «Асанбай», Бишкек ш., Асанбай кчр., 52/3;

Чүй облусу боюнча:
Жайыл району: Мамлекеттик администрациянын имаратында, Кара-Балта ш., Кожомбердиева көч., 110;
Москва району: Мамлекеттик администрациянын имаратында, Беловодское а., Ленин көч., 27;
Панфилов району: КТБ (ЦОН), Панфиловка а., Центральная көч., 24;
Сокулук району: Мамлекеттик администрациянын имаратында, Сокулук а., Фрунзе көч., 116;
Ысык-Ата району: КТБ (ЦОН), Кант ш., Ленин көч, 97;
Чүй району: КТБ (ЦОН) Токмок шаары, Сарбагышева көч., 84а;
Кемин району: КТБ (ЦОН) Кемин шаарында Ленин көч., 86а;

Талас облусу боюнча:
Талас шаары: супермаркет “Глобус”, Оторбаева көч., 136;
Ч. Айтматов району: Жаштар борборунун имараты, Кызыл-Адыр а. Кожомуратов көч.;
Бакай-Ата району: АЮЖКБ, Бакай-Ата а., Отунбай көч., 40;
Манас району: Юстиция үйү, Покровка а., Кояшев көч.;

Ысык-Көл облусу боюнча:
Каракол шаары: Абдрахманов к.,105 (КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (Негизги киришинде);
Жети-Өгүз району: Кызыл-Суу а., “Юстиция Үйү”;
Ак-Суу району: Теплоключенка а., (Калкты тейлөө борбору имаратында);
Тоң району: Боконбаев а.,Атакан к.,53 (Тоң райондук мамлекеттик администрациясы);
Чолпон-Ата шаары: Советская к., (Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы);
Түп району: Түп а.,Элебаев к., (Түп райондук социалдык фонд башкармалгынын имаратында);

Нарын облусу боюнча:
Ат-Башы району: Ат-Башы а., Мутай Жунусов көч. 11/1, Ат-Башы райондук нотариалдык кеңсеси;
Нарын шаары: Токтосунова, 24, “Кыргыз почтасы”;
Жумгал району: Чаек а.,К. Турсунбаев көч. н/ж, “Юстиция үйү”;

Ош облусу боюнча:
Ош шаары: “Келечек безары”, Ош ЦБЮП, Ош АЮЖО;
Кара-Суу шаары: “Туратали Базары”, Кара-Суу шаардык борбордук аянты;
Кара-Суу шаары: АЮЖКО, “Кара-Суу шаардык борбордук аянты”;
Өзгөн району: “Борбордук базар”, Өзгөн шаардык борбордук аянты, АЮЖКО;
Ноокат району: “Борбордук базар”, Ноокат АЮЖКО;
Алай району: “Борбордук базар”, Алай ЦБЮП, Алай районунун АЮЖКО;
Кара-Кулжа району: “Борбордук Базар”, Кара-Кулжа АЮЖКО;
Араван району: “Борбордук Базар”, Араван АЮЖКО;
Чоң-Алай району: Чоң-Алай АЮЖКО;

Жалал-Абад облусу боюнча:
Жалал-Абад шаары: “Кино театр Мир”, Жалал-Абад ЦБЮП, Жалал-Абад АЮЖКО;
Сузак району: “Борбордук Базар”;
Аксы районунун: Аксы АЮЖКО;
Ала-Бука району: Ала-Бука АЮЖКО;
Базар-Коргон району: Базар-Коргон АЮЖКО;
Кара-Көл шаары: АЮЖКО;
Ноокен району: “Борбордук Базар”;
Токтогул району: Токтогул рай.администрация 1-этаж;
Таш-Көмүр шаары: АЮЖКО;
Тогуз-Торо району: Тогуз-Торо рай.администрация 1-этаж;

Баткен облусу боюнча:
Баткен шаары: “Борбордук Базар”;
Кадамжай району: “Борбордук Базар”, Кадамжай АЮЖКО;
Лейлек району: “Борбордук Базар”, Лейлек АЮЖКО;
Кызыл-Кыя шаары: “Борбордук Базар”.