1-3-апрель күндөрү өлкөдө үшүк жүрөт

1-3-апрель күндөрү өлкөдө үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

1-апрелде Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык зонасында 0…-2° суук болот.

2-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 1…3° суук болушу күтүлөт.

Мындай үшүк таш мөмөлүү дарактардын гүлдөгөн бүчүрлөрү жана гүлдөрү үчүн коркунучтуу.