«1 ай убакыт бар». Президенттин маалымат катчысы министрлер, губернатор жана жергиликтүү бийликке кайрылды

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, айрымдар мамлекет башчынын жарлыгын буйтап, аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтты.

«Кеп, 30-январда Садыр Жапаров кол койгон “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы тууралуу болууда. Бул жарлыкка ылайык жер жерлерде жер тилкелери жарандарга ипотекалык негизде турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилиши керек болчу. Бирок учурда белгиленген жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга бербөөнүн айласын издеп “бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир” деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп жеке жактарга өткөрүп ийүү, же өзүңөрдө калтырып калууга аракет көрүү фактылары аныкталууда.

Министрлерге, өлкөбүздүн облус жетекчилерине, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлерине эскертүү! Ар бириңиздер президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбасаңыздар ээлеген кызматыңыздардан бошотуласыздар. Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышып иш алып барыңыздар. Мамлекеттик ипотекалык компания өзү дагы бул багытта иш алып барууда. Бирок мында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзүлөрү биринчи кезекте өз аймактарында калкты турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты илгерилетүүгө кызыкдар болушу кажет», — деди ал.