1-апрелден тарта бардык окуучулар мектепке барып билим ала башташат

1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып билим ала башташат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун катышуусунда өткөн мектептеги билим берүү маселелерин талкуулаган кеңешме учурунда белгилүү болду.

Артем Новиковдун айтымында, 9-марттан тарта Бишкекте 2-3-4-класстын окуучулары офлайн-режимде окуп башташат. Ал эми 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары билим алууну салттуу түрдө мектептерде улантышат.

«Мектептер 2021-жылдын 1-сентябрына чейин окуучулардан атайын форма кийүүнү талап кылбайт. Билим берүү министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары окуу процессинин толук кандуу даяр болушун камсыздайт. Учурда «мектеп» медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер аткарылып жатат, ар бир окуучуга ден соолугун каттоо картасы ачылат»,- деди биринчи вице-премьер-министр.