Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отуруму өтүп жатат. Жыйында депутат Дастан Бекешев мектептеги мугалимдердин, бала бакчадагы тарбиячылардын, директорлордун айлык акысы боюнча суроо салды.
«2026-жылдын 1-апрелинен тарта айлык көтөрүлөт деп жатышат. Канчага көтөрүлөт?» — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-апрелден тартып мугалим, дарыгер, маданият тармагынын кызматкерлеринин, тейлөө кызматкерлеринин айлыгы 50 пайыздан кем эмес көтөрүлөрүн, 1-октябрдан тарта айлыгы көтөрүлө элек мамлекеттик жана мунициапалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлө турганын айтты.
Депутат техникалык персоналдар унутта калбашы керек экенин айтты. Ошондой эле эле өкүлү мектептердеги дааратканаларын абалы өтө начар экенин айтты. «Эмдиги жылы баарын карап чыгабыз»,- деди төрага.