1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү боюнча жеринде жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфрастүзүмүн өнүктүрүү департаменти, №305 муниципалдык аймактык башкармалык жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы катышты.

Жеринде өткөн жыйында көчөнүн учурдагы абалы, унаа кыймылынын өтүмдүүлүгү жана инфрастүзүмдү өнүктүрүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Аталган  көчөнү оңдоо жана кеңейтүү иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кожевенная көчөсүнүн Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.