1-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 1-апрелде жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+9°, күндүз +17…+19° болот.