1-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +37…+39 градус ысык болот.