«Бишкек менен Ош шаарындагы ижарага берилип жаткан батирлердин баасын ким көзөмөлдөйт?». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов суроо салды.
«1 бөлмөлүү батирди 30-40 миң сомго ижарага берип жатышыптыр. 2 бөлмөлүү батир 50-60 миң сом экен. Жаш үй-бүлөлөр, студенттер суранып жатышат. Баасын көзөмөлдөсөк. Алардын да шарттары бар экен. Балдары барларга беришпей, бир бөлмөлүү батирди 2ден ашык кишиге бербейт экен. Бишкекте 1 бөлмөлүү батирге 30 миң сом бериш бул эмне деген? Тапшырма берсеңиздер», — деди ал.