1-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Кээ бир жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз 0…2° болот.