1-июлдан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин маянасы жогорулайт

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат.  Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20 пайызга көтөрүлдү.

Мурда өкмөттүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80 пайызга көтөрүлгөн.

Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган  маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% жогорулатуу каралган.