1-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 1-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз+31…+36;

Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +35…+37 градус болот.