1-июндан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилет

Салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат. Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.

Бул чектөө:
— Жүргүнчү ташыган;
— Гуманитардык жардамды ташыган;
— Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган,
— Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган,

— Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.

Транспорт министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.