Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы 1-июнга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, туристтик сезон башталганга чейин төрт тилкелүү жолдун эки тилкесин бүтүрүүнү тапшырган. Министрлик тараткан видеодон министрдин Ысык-Көлдө жол куруп жаткан кытайлык подрядчыга катуу эскертүү бергени тартылган.