1-июнга карата Панфилов сейил багындагы аттракциондордун баасы бирдей болот

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаадагы Панфилов сейил багындагы аттракциондорго билет жашына карабай бирдей болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бардык аттракциондордун баасы 40 сом, «Колесо обозрения» жана «Айлануучу мунаралар» аттракциондорунун баасы 70 сом болот.