Кечээ, 10-мартта социалдык тармактарда «Сузак районунун Саты айылынын окуучу кыздары мушташып жатат» деген видео тараган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги №57 мектептин директору Миргүл Калчаева менен байланышканыбызда, видео бир жыл мурун тартылганын, атайылап тартылган видео экенин айтты.
«Окуучу кыздар бул 1 жыл мурун тартылган видео экенин айтып жатышат. Учурда кыздар 9-10-класста окушат. Экөө тең тартиптүү, активдүү кыздар. Ошол учурда күрөшкө кызыгып жүрүшчү экен. Атайылап тартылган жасалма видео дешти. Мектеп директору катары да, адам катары да мен алардын кандай окуучу кыздар экенин билем. Ал эми социалдык тармакка атайылап тараткан адам биздин аброюбузга шек келтирди. Милиция текшерүү жүргүзүп жатат»,- деди ал.
Кечээ, 10-мартта Жалал-Абад ОИИБге кайрылганыбызда, текшерүү жүрүп жатканын билдиришкен. «Жерине кызматкерлер жөнөтүлдү»,- дешкен милициядан.