УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу эмне үчүн кечеңдеп жатканын сурады. Бул суроого курулуш министри Нурдан Орунтаев жооп берип, бетондон маселе жаралып жатканын айтты.
«Бетон маселесин мен же президент чечип бериши керекпи? 1 жылда бир кабат салыныптыр. Мен таң калдым. Башка жакта деле ипотекалык үйлөр курулуп жатат. 1 жылда 9 кабатты куруп, берип жатышат. Эл көрүп жатат. Ипотека деп жылда айтабыз, жылда 1 кабаттан куруп жатабыз»,- деп ачууланды.