«1 килограммы 30 сом». Бишкекте жарманкеде ун сатыла баштады

Кыргызстанда ун тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Министрлер кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте, ун тегирмендердин баасында сатуу боюнча бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 килограмм баасы 30 сомдон ашпайт»,- дешти.