1-класска электрондук каттоонун 2-этабы башталды. Бишкекте кайсы мектепте орун калган жок?

Билим берүү жана илим министрлиги 3-июнда балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун II этабы башталганын маалымдайт. II этаптын биринчи күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды. 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
7. №62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
8. №37 мектеп-гимназия.
9. Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия.
10. Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби.
11. Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия.
12. Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси.
13. №33 мектеп-гимназия.
14. Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
15. №100 жалпы орто билим берүү мектеби.
II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.