1-класска электрондук каттоо: №26, №29, №70 мектептеринде орун жок

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 28 миң 936 бала катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу:
Ысык-Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)

Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)

Толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси