1-класска жана бала бакчага балдарды электрондук каттоо сайты иштебей жатат

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелден тартып Билим берүү жана илим министрлигинин mektep.edu.gov.kg сайтында мектептерге жана бала бакчаларга каттоо башталды. Бул тууралуу «Инфоком» ишканасынан билдириишти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн кийин колдонуучулардын көп агымынан улам техникалык мүчүлүштүктөр келип чыкты. Күндүн жүрүшүндө, жаралган көйгөйлөр адистер тарабынан чечилет, системада колдонуучулардын санынын көптүгүнөн улам, мезгил-мезгили менен көйгөйлөр жаралып туруусу мүмкүн. Анткени, арыз толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүүчү жана автоматташтыруучу бир нече маалымат базаларын интеграцияланган татаал архитектурага ээ.

«Ата-энелерден түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз, бардыгы каттоодон өтө алат деп ишенебиз», — деп жазылат маалыматта.

Арызды толтуруу тартиби жөнүндө көп суроолор келүүдө, алардын ичинен көп кайталанганы:

1) Колдонуучу ат менен сырсөздү кайдан алсам болот?
Жооп: Каттоо үчүн алгач өзүңүздүн жеке кабинетиңизге кирүүнүн кереги жок, арыз берүү үчүн бардык керектүү саптарды толтуруп, тиешелүү документтерди (пайда алуучулар жана баланын мыйзамдуу өкүлдөрү) “Мектепке тапшыруу” же “ Бала бакчага тапшыруу» бөлүмү. Ийгиликтүү каттоонун жыйынтыгы сиздин электрондук дарегиңизге жөнөтүлөт.

2) Мектепке же бала бакчага бир сайт аркылуу катталабы?
Жооп: Ооба, мектепке жана бала бакчага кабыл алуу mektep.edu.gov.kg бирдиктүү сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Башка суроолорго жоопторду жана толук маалыматты төмөнкү номерлерден алууга болот:

• Чалуу борбору: 119
• Техникалык жардам: 0 (312) 988 940
• 0220 022 196
• 0220 022 183
• 0220 022 381