1-майда Бишкектеги фонтандар ишке кирет

Бишкек шаарынын мэриясы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. 1-майда борбор калаанын фонтандары ишке кирет.

Бүгүнкү күндө суу өлчөөчү приборлор орнотулуп, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан бар.