1-майдан тарта электр энергияга болгон баа кандай болот? (видео)

1-майдан тарта бардык керектөөчүлөр үчүн Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрөт. Бул тууралуу энергетика министрлигинен билдиришти.

«Электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшү энергетикалык компаниялардын өнүгүшүнө, эскирген электр жабдууларды алмаштырууга, энергетикалык объекттерди модернизациялоого, реконструкциялоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт», — дешти.

Кыргыз Республикасынын электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тариф саясатына ылайык, электр жарыгына болгон тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөртүлүп турат.