1-майдан тарта Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоо үчүн жабылат

Депутат Дастан Бекешев май-июнда жалпы жыйындар өкмөттүн мурдагы имаратында өтөрүн билдирди.

«Эки ай ошол жакта иштеп, сентябрда оңдолгон залга кайтып келебиз. Жаңыланган залда жаңы электрондук система киргизилет, Face ID дагы болушу ыктымал”, — деди Бекешев.