1-майдан тарта Кыргыз өлкөсүнө кирүүдө ПЦР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт. Мындай чечим коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды.
«Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификатын, же терс ПЦР-тестин милдеттүү түрдө талап кылууну жокко чыгаруу тапшырылды»,— деп айтылат маалыматта.