1-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүз 3…5° болот.